«Манас» бажысында бажы эрежелерин бузуу фактысы аныкталды
19 февраль

«Манас» бажысында бажы эрежелерин бузуу фактысы аныкталды

«Манас» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бажы эрежелерин бузуу фактысы аныкталды.

Кыргызстандын аймагына Швейцариядан «А.М.Д.Г.» ЖЧКсына жалпы салмагы 69,7 кг түзгөн жасалма тиштер, стоматологиялык бириктирүүчү тетиктер жана башка стоматологиялык инструменттер жана приборлор товарлары келген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө «А.М.Д.Г» ЖЧКсы ТЭИ ТН кодуна ылайык товарларды жалган классификациялоого жол бергендиги аныкталган. Мамлекеттик бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн суммасы 315 504 сомду түздү.

Факт КБР МКЖ АДСке катталып, чогултулган материалдар ФМ караштуу МБКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.