Бишкек шаардык сотунда «InfoDocs» электрондук документ жүгүртмөсү боюнча окутуу иш-чарасы өттү
2025-жылдын 18-февралында Бишкек шаардык сотунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти менен Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери тарабынан уюштурулган окутуу иш-чарасы өттү.
Иш-чаранын негизги максаты «InfoDocs» электрондук документ жүгүртмөсү системасында иштөөнү өздөштүрүү, сот системасынын жаңы иштөө форматына эффективдүү өтүүгө багытталган.
Окутууга Бишкек шаардык сотунун, Бишкек шаарындагы райондук сотторунун жана Бишкек шаардык сот аткаруучулар кызмат бөлумүнүн кызматкерлеринин катышуусу менен өттү.
