Астанада кыргыз-казак саясий консультациялары болуп өттү
Тараптар саясий, соода-экономикалык, суу-энергетикалык, транспорттук-транзиттик, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы кыргыз-казак мамилелеринин актуалдуу маселелерин толук талкуулашты. Ошондой эле эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында эки өлкөнүн өз ара аракеттешүүсү тууралуу пикир алмашуу болду. Кыргызстандын жарандарынын Казакстанда жүрүү шартына байланыштуу маселелер көтөрүлдү.
Ошол эле учурда, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргыз Республикасына расмий сапарын даярдоо, ошондой эле, Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын мамлекет, өкмөт жана тышкы саясат ведомстволорунун башчыларынын деңгээлинде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Консультациялардын жыйынтыгы боюнча Казакстан Республикасынын Президенти К. Токаевдин Кыргыз Республикасына расмий сапарын даярдоо боюнча Жол картасына кол коюлду.
