Төрага Майлуу-Суу жана Кочкор-Ата шаарларында бир катар объектилердин абалы менен таанышты
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев 27-августта Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу жана Кочкор-Ата шаарларына иш сапары менен барды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.
Иш сапардын жүрүшүндө Марлен Маматалиевди депутаттар Талант Мамытов, Айбек Алтынбеков, Айгүл Карабекова, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев баштаган бир катар министрликтердин жана мамлекеттик органдардын жетекчилери, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү коштоп жүрдү.
Алгач төрага Майлуу-Суу шаардык стадионунун учурдагы абалы менен таанышып, тиешелүү жетекчилерден спорттук жайдын инфраструктурасы жана аны жаңылоо боюнча пландар тууралуу маалымат алды.
Белгилей кетсек, Майлуу-Суу шаардык стадиону 1953-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. Бүгүнкү күндө ал шаардагы негизги спорттук жана коомдук объектилердин бири болуп саналат.
Марлен Маматалиев стадионду жаңылоо жаштарды спортко кеңири тартууга жана шаар тургундары үчүн тиешелүү шарттарды түзүүгө өбөлгө болорун белгиледи.
«Стадиондун келечеги кийинки жылы чечилет. Азыр губернатор менен сүйлөшүп, эки айдын ичинде стадиондун долбоорун бүтүрсөк, 2027-жылга бюджетке киргизип, жаштар жана эл үчүн заманбап стадион курабыз», – деди Марлен Маматалиев.
Андан соң төрага Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу Майлуу-Суу шаарындагы №12544 аскер бөлүгүнүн имаратынын абалы менен таанышты.
Коргоо министринин маалыматына караганда, 1962-жылы курулган аскердик жай эскилиги жеткендиктен, батальон толук кандуу иш алып барбайт. Батальондун өздүк курамы өлкөнүн түштүк аймактарына бөлүштүрүлгөн.
Ушуга байланыштуу аталган жерде аскер лицейин уюштуруу сунушталган. Бирок бул маселе азырынча ачык бойдон калууда.
Мындан тышкары, иш сапардын алкагында Кыпчак-Талаа – Майлуу-Суу автомобиль жолунда жүрүп жаткан реконструкциялоо жана оңдоо иштери менен таанышты.
Аталган жол Майлуу-Суу шаарын Маданият айылы жана Кыпчак-Талаа багытындагы калктуу конуштар менен байланыштырган маанилүү транспорттук каттамдардын бири.
Учурда жолдун жаңы тилкелеринде асфальт төшөө, айрым бөлүктөрүн бекемдөө, көпүрөлөрдү куруу жана реконструкциялоо, ошондой эле мурда бүткөрүлгөн тилкелердин сапатын жакшыртуу иштери жүргүзүлүүдө. Долбоордун алкагындагы иштерди этап-этабы менен аткарып, Кыпчак-Талаа – Майлуу-Суу автомобиль жолун 2027-жылы толугу менен бүткөрүү пландалууда.
«Жол – аймактын өнүгүүсүнүн негизги шарттарынын бири. Бул долбоор толук ишке ашса, калктын каттамы жеңилдеп, социалдык объектилерге жеткиликтүүлүк жакшырат. Ошондой эле жүк ташуу, соода-сатык жана ишкердик үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Ошондуктан курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруп, белгиленген мөөнөттөрдү так сактоо зарыл», – деди Марлен Маматалиев.
Иш сапардын соңунда Майлуу-Суу жана Кочкор-Ата шаарларындагы Маданият үйүндө жергиликтүү тургундар жана шайлоочулар менен жолугушуу өттү.
Жолугушууда шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланышкан маселелер талкууланып, тургундардын сунуш-пикирлери угулду. Жарандар жолдорду жана социалдык объектилерди оңдоо, таза суу маселесин чечүү, турак жай-коммуналдык шарттарды жакшыртуу, спорттук инфраструктураны өнүктүрүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана шаардагы өндүрүштү жандандыруу боюнча маселелерди көтөрүштү.
Жолугушууда төрага өлкөдө акыркы жылдары социалдык-экономикалык багытта аткарылып жаткан иштерге да токтолуп:
«Азыркы күндө мугалимдерге, дарыгерлерге жана башка кесип ээлеринин айлык маяналары туруктуу түрдө жогорулатылып келе жатат. Албетте, мунун баары президент Садыр Нургожоевичтин жана анын командасынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы. Муну факт катары кабыл алуу зарыл”, - деди.
Мындан тышкары бюджеттин көлөмү акыркы беш жылда кыйла өскөнүн белгилеп, бул өлкөдө жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин натыйжасы экенин мисал кылды.
Анын айтымында, акыркы беш жылда Кыргызстан боюнча 700дөн ашуун мектеп курулуп, жол курулушунун көлөмү да бир кыйла жогорулады. Мурда бир жылда болжол менен 200 чакырым жол курулса, учурда бул көрсөткүч 2000 чакырымга чейин жетүүдө.
““Бишкек-Арена” спорт комплекси жана “Ырыс-Ордо” конгресс-борбору курулду. Жалпысынан Кыргызстан боюнча маанилүү объектилердин курулушунда чоң прогресс бар. Эгерде ынтымак, биримдик сакталып, бөлүнбөсөк, жакшы натыйжаларга жетебиз», – деди ал.
Мындан тышкары, Майлуу-Суу шаарындагы таза суу маселесине өзгөчө көңүл бурулду.
Марлен Маматалиев таза суу боюнча буга чейин кабыл алынган долбоорлордун айрымдары толук аягына чыкпай жатканын билдирип, долбоорлорду кайрадан тактап чыгуу жана тиешелүү чараларды көрүү зарыл экенин баса белгиледи.
Ошондой эле шаардагы совет мезгилинен калган ишканалардын өндүрүштүк потенциалын жогорулатуу жаатындагы жагдайлар айтылды.
Жолугушууда ошондой эле аймактарга социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган каражаттар бөлүнүп жатканы белгиленди.
Ошону менен бирге Кочкор-Атада катталган сел кырсыгынын кесепеттерин жоюу боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүү сунушу көтөрүлдү.
Тагыраагы жолугушуунун жыйынтыгында жарандар тарабынан көтөрүлгөн маселелер тиешелүү министрликтердин жана мамлекеттик органдардын жетекчилерине жеткирилип, аларды чечүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлөрү белгиленди.
