"Эл-Ди-Эс Черитиз" Фонду Бишкектеги карылар үйүнө жабдыктарды белек кылды
11-августта "Эл-Ди-Эс Черитиз" кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү директор Дмитрий Цай менен биргеликте “Үмүт үйү” карылар жана майыптуулугу бар жарандардын Социалдык стационардык мекемесине барышты
1961-жылы негизделген мекемеде бүгүнкү күндө 215 адам жашайт, алардын 86сы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер. Фонд жумуш шартын жана мекеменин жашоочуларын тейлөөнү жакшырта турган жабдыктарды: идиш жуучу машина, электр мешин жана көмөч казандарды, үтүктөрдү, жашылчаларды тазалоочу машина, эт кесүүчү электр араа жана камыр аралаштыргыч тартуулады.
Дитрий Цай, фонддун директору:
“Фонд ишмердүүлүгүн жүргүзгөн алты жыл ичинде КР Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Билим берүү жана илим министрлиги менен жемиштүү кызматташты жана өлкөнүн бир катар коомдук жана социалдык мекемелерине жылына 100 миңден 300 миңден ашуун долларга чейин гуманитардык жардам көрсөттү. Ошондой эле, КР Неонатологдор ассоциациясы, Кыргыз акушерлер альянсы, атайылаштырылган билим берүү мектеп-интернаты, реабилитациялык борборлор, медициналык мекемелер сыяктуу уюмдар дагы биздин жардамыбызга ээ болушту. Бул дагы толук тизме эмес. Биздин өнөктөштүк калктын эң бир аялуу катмарынын жашоосун жакшыртууга салым кошуп жатканына кубанычтабыз”.
Сапар жаңыланган ашкананы жана тамактануучу бөлмөнү көрүү жана достук фуршети менен аяктады. Фонддун кайрымдуулук салымы тейлөөнүн сапатын жогорулатууга жана Бишкек шаарынын калкынын аялуу катмарын колдоого өбөлгө болот.
