Борбордук милициянын ыкчам кызматкерлери тарабынан “Йакын Инкар” диний уюмунун мүчөлөрү кармалды
Бишкек шаарынын ИИББнын Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 331-беренеси (экстемисттик уюмду түзүү жана каржылоо) менен мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында, Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган, экстремисттик уюмдардын катарын жашыруун түрдө толуктап жүргөн “Йакын Инкар” диний уюмунун мүчөлөрү динди туура эмес багытта жүргүзүп жатышканы аныкталган.
Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, “Дордой” жаңы конушунун тургундары 1987-жылы туулган К.И., мурда соттолгон 314-берене (экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо) 1968-жылы туулган А.К., 1999-жылы туулган Э.А., аттуу шектүүлөр кармалып, Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилген.
Мындан тышкары, кечиктирлигис тинтүү иштеринин жыйынтыгында, экстремисттик китепчелер, экстремисттик маалыматтарды камтыган уюлдук телефондор, баракчалар табылып алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Учурда, аталган диний уюмдун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам иш-чаралары улантылууда.
