Кайырмагы суунун жээгинен табылган. Көкөмерен дарыясына балык уулоого кеткен жигитти издөө иштери уланууда
22 май

Кайырмагы суунун жээгинен табылган. Көкөмерен дарыясына балык уулоого кеткен жигитти издөө иштери уланууда

Чүй облусунун Жайыл районунда Көкөмерен дарыясына балык уулоого чыгып кеткен бойдон дайнсыз болуп жаткан 28 жаштагы жигит изделүүдө Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, бүгүн издөө иштерине сегиз куткаруучу жана бир дрон тартылды.

Эске салсак, ушул жылдын 19-майында болжол менен саат 19:00 чамасында 1997-жылы туулган Ж.Э. аттуу эркек киши Көкөмерен дарыясына балык уулоого чыгып кеткен бойдон келген эмес. Кайырмагы суунун жээгинен табылып, өзү дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат “112” кызматына түшкөн.

Кечээ, 21-майда ИИМдин өтүнүчүнүн негизинде жерине издөө иш-чараларын жүргүзүүгө КР ӨКМден 10 куткаруучу, ИИМден 12 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 23 адам, жалпы 45 адам тартылып издешти. Кеч киргендигине байланыштуу саат 19:45те издөө иштери убактылуу токтотулган. Бүгүн кайрадан улантууга чыгышты.

Кошумча маалымат берилет.