Саламаттык сактоо министрлигинде 2027–2032-жылдарга карата жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана аларга каршы күрөшүү боюнча Улуттук стратегиянын долбоору талкууланды
2026-жылдын 6-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде 2027–2032-жылдарга карата жугуштуу эмес оорулардын (ЖЭО) алдын алуу жана аларга каршы күрөшүү боюнча Улуттук стратегиянын долбоорун талкуулоого арналган тегерек стол болуп өттү.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын, БУУнун түзүмдөрүнүн, эл аралык өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, илимий мекемелердин жана саламаттык сактоо уюмдарынын өкүлдөрү катышты.
Стратегияны иштеп чыгуунун актуалдуулугу жугуштуу эмес оорулардын калктын ден соолугуна тийгизген олуттуу таасири менен шартталган. Кыргызстанда катталган өлүмдөрдүн жалпы санынын 83 пайызы ушул оорулардын үлүшүнө туура келет. Алардын негизгилери — жүрөк-кан тамыр оорулары, онкологиялык оорулар, өнөкөт респиратордук оорулар жана кант диабети.
Сунушталган стратегиянын долбоору төрт негизги багытты камтыйт. Алар тобокелдик факторлорунун жайылышын азайтуу (тамеки жана алкоголдук ичимдиктерди колдонуу, туура эмес тамактануу, кыймыл-аракеттин жетишсиздиги); баштапкы медициналык-санитардык жардамды жана коомдук саламаттык сактоо кызматын чыңдоо; эпидемиологиялык көзөмөл жана мониторинг системасын өнүктүрүү; ведомстволор аралык кызматташууну жана оорулардын алдын алуу чараларын туруктуу каржылоону күчөтүү.
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова жугуштуу эмес ооруларга каршы күрөшүү саламаттык сактоо системасынын гана эмес, башка мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын да биргелешкен аракетин талап кыларын белгиледи.
«Сөзүмдү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун улуттун, жарандардын жана келечек муундардын ден соолугу акча менен өлчөнбөшү керек деген сөздөрү менен баштагым келет. Кечээ мамлекет башчысы бир айдын ичинде энергетикалык суусундуктарды өндүрүүгө жана импорттоого тыюу салуу боюнча тиешелүү токтомдун долбоорун, андан кийин мыйзам долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасын берди.
Саламаттык сактоо системасы үчүн бул — калктын ден соолугун коргоого багытталган чындап эле маанилүү жана тарыхый кадам. Бүгүн Саламаттык сактоо министрлигине тиешелүү тапшырмалар берилди. Экономика жана коммерция министрлиги, ошондой эле башка кызыкдар мамлекеттик органдар менен биргеликте зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга киришебиз. Берилген тапшырмага ылайык, тиешелүү мыйзам алты айдын ичинде кабыл алынышы керек.
Бул демилге оорулардын алдын алуу жана азыркы, ошондой эле келечек муундардын ден соолугун коргоо боюнча мамлекеттик саясаттын маанилүү бөлүгү болуп саналат», — деп баса белгиледи саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Ливиу Ведраско жаңы стратегия конкреттүү иш-чараларды, жооптуу аткаруучуларды, каржылоо булактарын жана өлчөнүүчү көрсөткүчтөрдү камтыган биргелешкен иш-аракеттердин практикалык планы болушу керектигин белгиледи.
Ошондой эле ал экономика, каржы, билим берүү, айыл чарба, экология жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармактарындагы чечимдер калктын ден соолугуна түздөн-түз таасир эткендиктен, бардык кызыкдар министрликтер менен ведомстволордун катышуусу зарыл экенин баса белгиледи. ДССУ стратегияны ишке ашырууда техникалык жана эксперттик колдоо көрсөтүүнү улантууга даяр экенин билдирди.
Тегерек столдун жүрүшүндө айлана-чөйрөнүн балдардын ден соолугуна тийгизген таасири, мектептерде тамактанууну уюштуруу жана жугуштуу эмес ооруларды эрте аныктоодо санариптик чечимдерди колдонуу маселелери да каралды.
Талкуунун жыйынтыгында катышуучулар резолюциянын долбоорун, артыкчылыктуу иш-чараларды жана мамлекеттик органдар менен өнөктөштөрдүн ортосунда жоопкерчиликти бөлүштүрүү маселелерин карап чыгышты.
Кийинки этаптарда стратегиянын долбоорун макулдашуу жана 2027–2032-жылдарга карата ведомстволор аралык иш-аракеттер планын даярдоо каралган.
