Энергетика министрлиги менен “ГРК Солар Энерджи” ЖЧК күн электр станциясын өнүктүрүү тармагында кызматташат
Бүгүн, 2025-жылдын 30-июлунда Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев “ГРК Солар Энерджи” ЖЧКнын башкы директору Асанбек Тороев менен жолугушту.
Жолугушуунун алкагында министр Бишкек шаарынын 7-апрель 4а/2 дарегинде жайгашкан “ГРК Солар Энерджи” ЖЧКнын кеңсесинин дубалынын сыртына жана чатырына орнотулган күн электр станциясы менен таанышты.
Күн электр станциясы курулган бул имарат буга чейин эскирген цех болуп, жараксыз абалда турган. Учурда аталган ишкана имаратты сатып алып, жаңылоо иштерин жүргүзүп, сыртына жана чатырына жалпы кубаттуулугу 1 МВт болгон күн электр станциясын курган.
Күн панелди орнотуу 8 ай убакыттын аралыгында бүткөрүлгөн. Сметалык баасы 1 миллион 100 миң АКШ долларын түзгөн. Электр энергиясынын орточо жылдык өндүрүшү 1,1671 млн кВт/с түзөт.
Буга чейин “ГРК Солар Энерджи” ЖЧКсы Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу департаментинен лицензия, ал эми “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнан техникалык шарт алып, өндүрүлгөн электр энергиясын сатуу боюнча келишимге кол коюлган. Бүгүнкү күндө ишкана өз ишмердүүлүгүн көрсөтүп, КЭСти ишке киргизди. Мындан улам “КУЭТ” ААК буга чейинки түзүлгөн келишимдин негизинде күн электр станциясынан өндүрүлгөн электр энергиясын сатып ала баштайт.
Аталган ишкананын алдыдагы максаты кытайлык компания менен биргеликте эски цехтин ордуна күн панелдерин өндүрүүчү завод куруу жана Кыргызстанда күн электр станцияларын өнүктүрүү болуп саналат.
Тараптар жолугушууда өлкөбүздөгү энергетикалык таңкыстыкты жоюу максатында Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, биргеликте долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүү жүргүздү. Ошондой эле “ГРК Солар Энерджи” ЖЧКнын башкы директорунун айтымында Токтогул суу сактагычына, Таш-Көмүргө жана башка аймактарга күн электр станцияларын курууну пландоодо.
Жыйынтыгында Энергетика министрлиги менен “ГРК Солар Энерджи” ЖЧКнын ортосунда Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду. Аталган документке КРнын энергетика министри Т.Ибраев жана “ГРК Солар Энерджи” ЖЧКнын башкы директору А.Тороев кол койду.
