Бишкекте жети жаштагы кыздын өлүмүнө шектелип 13 жаштагы эжеси кармалды
Бишкектин Октябрь райондук милициясы жети жаштагы кыздын өлүмүнө байланыштуу териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу райондук милиция билдирет.
Маалыматка ылайык, окуя тууралуу билдирүү 14-июнда таңкы саат 04:75де түшкөн.
Окуяга каза болгон кыздын 2011-жылы туулган эжеси шектелүүдө. Ал мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосунда милицияга жеткирилген.
Аталган факт кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголду.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө.
