Бороон болууда. Арал постунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди
18 февраль

Бороон болууда. Арал постунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Бишкек - Ош унаа жолундагы Арал постунда 18-феврал, саат 19:30дан тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Азыркы тапта Ала-Белде жол жакшы көрүнбөй, бороон болууда. Жеринде жолчулар иш алып барууда. 

Жеңил унаалар үчүн каттам бар.

Кошумча маалымат берилет.