Саламаттык сактоо министри эл аралык өнөктөштөр менен жолукту
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Саламаттыкты сактоону өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн Координациялык кеңеши менен биргеликте саламаттыкты сактоо тармагындагы негизги артыкчылыктарды жана өнөктөштүк колдоону кеңейтүү жолдорун талкуулоо үчүн танышуу жыйынын өткөрдү.
Жыйын Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ВОЗ) менен Дүйнөлүк банктын тең төрагалыгы астында өттү.
Ага эл аралык уюмдардын, донордук агенттиктердин жана дипломатиялык корпустун 30дан ашык өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө министр Эркин Чечейбаев оорулардын алдын алуу жана жугуштуу эмес оорулар (ЖЭО) менен күрөшүү, өлүм көрсөткүчүн азайтуу жана жигердүү узак жашоону жогорулатуу, медициналык кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, саламаттыкты сактоо тармагында санариптештирүүнү өнүктүрүү сыяктуу саламаттык сактоо министрлигинин стратегиялык артыкчылыктары менен тааныштырды.
Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр өз кезегинде Кыргызстандын саламаттыкты сактоо системасына техникалык жардам жана колдоо көрсөтүү боюнча демилгелери тууралуу айтып беришти.
Саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев саламаттыкты сактоо тармагын чыңдоо үчүн натыйжалуу өнөктөштүк жана стратегиялык инвестиция керек экенин баса белгиледи. «Саламаттык сактоо министрлиги өнөктөштөр менен эффективдүү кызматташуу аркылуу Кыргызстандын саламаттык сактоо системасын бекемдөөгө умтулат. Бүгүнкү жолугушуу эл аралык уюмдардын жана донорлордун колдоосунун жогорку деңгээлин көрсөтүп турат. Биргелешип иш алып баруу менен биз Кыргызстандын бардык жарандары үчүн кыйла туруктуу жана жеткиликтүү саламаттык сактоо системасын кура алабыз», - деп кошумчалады Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев.
Дүйнөлүк банктын өлкө боюнча менеджери Хью Ридделл мырза мындай форумдар секторлор аралык кызматташууда маанилүү роль ойноорун, ал эми саламаттыкты сактоо тармагы - туруктуу өнүгүү үчүн эффективдүү өнөктөштүктүн үлгүсү экенин белгиледи. Ал ошондой эле Дүйнөлүк банк 2030-жылга чейин дүйнө жүзү боюнча 1,5 миллиард адамды жакшыраак медициналык тейлөө менен камсыз кылуу максатын көздөп, жеткиликтүү жана сапаттуу медициналык кызматтарды көрсөтүүдө өлкөлөргө колдоо көрсөтүүгө умтуларын баса белгиледи.
«ДССУ, башка өнүктүрүү өнөктөштөрү жана донорлор сыяктуу эле, Кыргызстандагы саламаттыкты сактоонун натыйжаларын жакшыртуу боюнча миссиясында Саламаттык сактоо министрлигине колдоо көрсөтүүнү улантууда. Бул жолугушуу диалог үчүн маанилүү аянтча катары кызмат кылат, күч-аракеттерди шайкеш келтирүү жана өлкөнүн саламаттык сактоодогу эң актуалдуу маселелерин чечүү үчүн техникалык жардамдын натыйжалуу координациясын камсыз кылуу. Биз бардык өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн жана донорлордун саламаттыкты сактоо секторун чыңдоого умтулуусун жогору баалайбыз», - деп түшүндүрдү ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү доктор Ливиу Ведраско.
