ИИМдин БМЖКККнын тарабынан Орусия Федерациясынан синтетикалык баңгизаттарды жеткирүүчү туруктуу каналдын иши токтотулду
2025-жылдын 10-июнунда Кыргыз Республикасынын ИИМнин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында Чүй облусунун аймагында синтетикалык баңгизаттарды жеткирүү жана таратуу каналына бөгөт коюу боюнча атайын операция ийгиликтүү өткөрүлдү.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында төмөнкү жарандар кармалды:
• Д.О.С., 1987-жылы туулган
• Д.А.В., 1987-жылы туулган
Кармалгандардын жашаган жерине жүргүзүлгөн тинтүү учурунда, уктоочу бөлмөдөгү дивандын алдынан өзгөчө жыты бар ак түстөгү порошок зат салынган таңгактар табылган.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, табылган зат психотроптук зат – альфа-PVP (a-PVP) экендиги аныкталган. Таза баңгизатынын салмагы 3 килограмм 332 граммды түзүп, бул өзгөчө ири өлчөм катары саналат.
Аталган жарандар Орусия Федерациясынан почта жөнөтүүлөрү аркылуу психотроптук заттарды жеткирүүчү туруктуу канал уюштурганы белгилүү болду. Алар жашаган жеринде “Соль” деп аталган синтетикалык баңгизаттарды баштыкчаларга салып, граммдарга бөлүп дяардап андан ары Кыргыз Республикасынын аймагында таратуу менен алектенишкен.
Кармалгандарга карата Кыргыз Республикасынын КЖКнын 282-беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө иштери уланууда.
