Ош: Моминова көчөсүнөн Өскөналиев көчөсүн карай жол ачылат
Бүгүн Моминова көчөсүндө жайгашкан №12 кесиптик лицей аркылуу Өскөналиев көчөсүн байланыштырган жолду ачуу иштери башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Жаңы жол Ош мамлекеттик университетинин №12 кесиптик лицейинин короосунан өтүп, Р.Абдыкадыров көчөсүндөгү унаа каттамын жеңилдетет.
ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков шаар ичиндеги унаа тыгындарын жоюуга багытталган долбоор калаа тургундарына бир топ жеңилдиктерди алып келерин белгилеп, демилгени колдоду.
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жеринде тиешелүү кызматтарга жолду ачуу боюнча тийиштүү иштерди аткаруу тапшырмасын койду.
