Санариптик өнүктүрүү министрлигинде коррупцияга каршы күрөшүү чараларын күчөтүү маселеси талкууланды
18 февраль

Санариптик өнүктүрүү министрлигинде коррупцияга каршы күрөшүү чараларын күчөтүү маселеси талкууланды

Санариптик өнүктүрүү министрлигинде министрликтин жана анын ведомстволук бөлүнүштөрүнүн кызматкерлери үчүн маанилүү иш-чара болуп өттү.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, негизги көңүл коррупция менен күрөшүүгө багытталган мыйзамдардагы өзгөрүүлөргө бурулду.

Негизги өзгөрүүлөр:

  • Коррупция үчүн жазаларды күчөтүү;
  • Коррупция менен соттолгондор үчүн мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө өмүр бою тыюу салуу;.
  • Зыяндын ордун толтуруу менен жазадан бошотуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу.

Мындан тышкары, мамлекеттик органдарда жана укук коргоо түзүмдөрүндө мурда коррупциялык укук бузуулары бар адамдар үчүн иштөөгө чектөөлөр киргизилген.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги 2025-2030-жылдарга карата коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик стратегияны кармануу менен коррупцияга каршы чараларды бекемдөөнүн үстүндө иштөөнү улантууда.