Коргоо министрлиги
23 апрель
Ошто 150 орундуу аскер госпиталынын курулушу башталды
Ош шаарында 150 орундуу аскер госпиталынын курулушу башталды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.
Жаңы медициналык мекеме Куралдуу күчтөрдүн аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү максатында бардык заманбап талаптарга ылайык жабдылат.
Курулуш иштерин аяктоо жана объекти пайдаланууга берүү 2028-жылдын декабрь айына пландалууда.
Капсула салуу аземине катышкан коргоо министри Руслан Мукамбетов бул долбоор аскер кызматчыларынын социалдык камсыздалышын жакшыртууда жана аскердик медицинанын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө маанилүү кадам экенин белгиледи.
