Бишкек – Күн-Туу – Шопоков унаа жолу 4 тилкелүү болот
3 сентябрь

Бишкек – Күн-Туу – Шопоков унаа жолу 4 тилкелүү болот

Бишкек – Күн-Туу – Шопоков жолунда реконструкциялоо иштери уланууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, учурда 0-6+700-чакырымдар аралыгында жумуштар жүрүп, асфальт басууга даярдыктар көрүлүүдө. Жолдун категориясы өзгөрүп, 4 тилкелүү болот.

Аталган жолду реконструкциялоо "Жол коопсуздугу" техникалык талаптарына ылайык жүргүзүлүп, бардык чаралар эске алынуу менен параллелдүү долбоорлоонун негизинде курулууда.

Белгилей кетсек, жолдун жалпы узундугу 12,4 чакырымды түзөт. Анын 6,7 чакырымын быйыл оңдоо мерчемделген.