Бишкек – Ош жолунун Суусамыр тилкесинде жол курулуш иштери кызуу жүрүүдө
3 сентябрь

Бишкек – Ош жолунун Суусамыр тилкесинде жол курулуш иштери кызуу жүрүүдө

Бишкек – Ош жолунун Суусамыр тилкесинде жол курулуш иштери кызуу жүрүүдө, деп билдирет Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө 35 чакырым жолго асфальт басылды. Иш ыргагы ырааты менен уланып, асфальт төшөө, ага катар айрым тилкелерде жолдун негизин даярдоо иштери уланууда.

Суусамыр ɵрɵɵнүндɵ суук эрте түшɵɵрүн эске алуу менен жол тилкесинен алыс эмес жерге эки асфальт-бетон заводу орнотулган.

Белгилей кетсек, быйыл Бишкек – Ош жолунун Суусамыр тилкесин (85 чакырымын) оңдоодон өткөрүү мерчемделген.