Россияда автоунаа ээси жана мигранттар эми кандай мамлекеттик төлөмдөрдү төлөшөт?
12 ноябрь

Россияда автоунаа ээси жана мигранттар эми кандай мамлекеттик төлөмдөрдү төлөшөт?

Негизги өзгөрүүлөрдүн бири – айдоочулук күбөлүктү берүү үчүн мамлекеттик бажы төлөмүнүн жогорулашы болду.

Улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк үчүн төлөм эки эсеге өстү: пластикалык негиздеги күбөлүк – 4000 рублга, жаңы муундагы күбөлүк – 6000 рублга чейин. Ошондой эле эл аралык айдоочулук күбөлүк берүү үчүн төлөм 1600 рублдан 3200 рублга чейин көтөрүлдү. Кооптуу жүктөрдү ташууга уруксат берүүчү күбөлүк алуу үчүн төлөм 1500 рублдан 2250 рублга, ал эми аны узартуу үчүн төлөм 1000 рублдан 1500 рублга чейин көбөйдү.

Мындан тышкары, чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды жашаган жери боюнча каттоого алуу үчүн 500 рубль өлчөмүндө мамлекеттик төлөм киргизилет, ал эми убактылуу болуу мөөнөтүн узартуу үчүн 1000 рубль төлөнөт. Ошол эле учурда чет элдик жарандарды жашаган жери боюнча каттоодон өткөрүү үчүн төлөм 420 рублдан 1000 рублга чейин жогорулайт.

Мындан сырткары, чет өлкөлүк жаранга эмгек патентин берүү же кайра расмийлештирүү үчүн 4200 рубль өлчөмүндө төлөм белгиленет. Эмгекке уруксат берүүнүн мөөнөтүн узартуу үчүн да 4200 рубль төлөнөт, ал эми анын көчүрмөсүн алуу же уруксатка өзгөртүүлөр киргизүү үчүн 2100 рубль төлөм каралган.