Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтпөйт
18 февраль

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтпөйт

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтпөй турганын жаңы шайлоо системасы боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыккандардын бири ЖКнын вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев билдирди.

Анын айтымында, парламенттик шайлоо 2026-жылы ноябрда өз убагында өтөт.

"Журналисттердин бардыгы күзүндө мөөнөтүнөн мурда шайлоо болобу деп сурап жатат. Андай болбойт. Шайлоо өз убагында эле 2026-жылы ноябрда өтөт. Депутаттардыкы да, президенттик шайлоо да өз убагында болот. Бул мыйзам долбоорунун ага эч тиешеси жок", — деди Сыдыгалиев.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депуттарын шайлоо 2021-жылы 28-ноябрда өткөн. Келерки шайлоо 2026-жылы күзүндө өтүшү керек.