Кадамжайда 900 кг жапайы кара куурай жок кылынды
Кадамжайда 900 кг жапайы кара куурай жок кылынды, деп билдирет Баткен облустук милициясынын маалымат кызматы.
Билдирүүгө ылайык, 4-июлда “Мак-2025” аттуу алдын алуу операциясы өткөрүлгөн. Анын алкагында жалпы салмагы 900 килограммды түзгөн жапайы кара куурай өсүмдүгү аныкталып, чогултулуп, тиешелүү тартипте жок кылынды.
Бул операция баңги каражаттарына байланыштуу кылмыштуулуктун алдын алуудагы маанилүү кадамдардын бири катары саналат.
