Шайлоо маселеси депутаттарды тынчсыздандыра баштады
3 сентябрь

Шайлоо маселеси депутаттарды тынчсыздандыра баштады

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акбөкөн Таштанбеков шайлоо боюнча маселе көтөрдү. 

“Парламенттик шайлоодо аялдар квотасы кандай болот? Эгерде добуш аял талапкерге караганда, “баарына каршыга” көбүрөөк берилсе?” – деп сурады депутат. 

Айтымында, бул казусту жаратышы мүмкүн. Анткени, “баарына каршы” адатта, шайлоочулардын 2-3 пайыз добушун алат. 

“Дагы бир талаштуу нерсе – мыйзам боюнча кайра шайлоо каралган эмес, эгерде бир округдан шайланган депутат мандатын тапшырса, добуш топтоо боюнча улам кийинки орунда тургандар депутаттыкка келишет. Эгерде добуш берүүдө кийинки орунда турган талапкер "баарына каршы" добуш бергенден рейтинги боюнча артта калса, кайра шайлоо болобу? Юристтер ушул нерсени тактап коюшу керек экен”, – деди ал. 

Спикер Нурланбек Тургунбек уулу “баары эле негедир шайлоого даярданып баштагандай” болуп калганын белгиледи.