Жеңишбек Асанкулов Шымкент шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолукту
2025-жылдын 12-февралында Казакстандын Шымкент шаарында Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулу Жеңишбек Асанкулов кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Ж. Асанкулов Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык саясат, жумуш орундарын түзүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берип, өлкө жетекчилиги чет өлкөдөгү кыргыз жарандарынын укуктарын коргоону күчөтүү, Кыргызстандын экономикасына инвестиция тартуу жана туристтик потенциалын илгерилетүү боюнча иштерди активдештирүү милдетин койгонун белгиледи.
Жолугушуунун катышуучулары мындан аркы кызматташуунун келечеги, учурдагы маселелер жана аларды чечүүнүн мүмкүн болгон жолдору тууралуу пикир алышты. Өз кезегинде кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү кыргыз жарандарынын укуктарын коргоо жаатында укуктук жардамды күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурууну өтүнүштү.
Мындан тышкары, иш сапардын алкагында Шымкент шаарында кыргыз жарандарына көчмө консулдук тейлөө жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында 116 консулдук кызмат көрсөтүлүп, анын ичинде:
- Кыргыз Республикасынын паспортун тариздөө – 65 (анын ичинен 56сы жаш балдар үчүн);
- Кыргыз Республикасынын идентификациялык картасын берүү – 4;
- Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун берүү – 4;
- Жеке идентификациялык номер (ПИН) ыйгаруу – 32;
- Мекенге кайтуу күбөлүгүн (СВР) берүү – 4;
- Социалдык мүнөздөгү ар түрдүү маалымкаттарды берүү (соттолбогондугу тууралуу, никеге туруу укугу жана каттоодон чыгаруу боюнча акт жазуулары) – 7 ишке ашырылды.
