Жанар Акаев Кара-Суу районундагы каналдын жээгиндеги үйлөрдү бузууну кийинки жылга калтырууну суранды
Депутат Жанар Акаев кыш жакын калган чакта үйлөрдү бузуу менен элди кыйын абалга кептеп коюулары мүмкүндүгүн тийиштүү тараптарга жеткирди.
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат билдиргендей, Айыл чарба министрлигинен Кара-Суу районундагы Шарк жана Датка айыл өкмөттөрүнө караштуу айылдардын тургундарына 10 күндүн ичинде жээкти тазалоо боюнча эскертүү келип түшкөн.
“Ош шаарында мэрдин демилгеси менен 1 дарыя жана 7 каналдын жээги тазаланды. Оштун бюджети чоң, ал жактагы үйлөрү бузулган жарандарга үй салганына үй салып, сатып бергенине сатып берип, жер тилке керек дегендерге аны берип, абалды жайгарышты. Эми күз башталганда Кара-Суудагы каналдын жээгин да тазалоо аракети башталды. Бирок эки айдан кийин суук түшөт. Жарандар көчүүгө же башка үй курууга суук түшкүчө жетишпейт”, – деди депутат.
Ал Айыл чарба министрлигинен келерки жылдын жазына чейин бул иштерди токтото турууну суранды.
