Эмгек министри болуп Канат Сагынбаев дайындалды. Спикер ага бир “шарт” койду
Жогорку Кеңештин жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызмат ордуна Канат Сагынбаевдин талапкердиги каралды жана депутаттар бир добуштан колдоого алышты.
Спикер Нурланбек Тургунбек уулу акыркы убакта чиновниктердин баары жасаган иштерин телефонго тартып, элге жарыялап, пиар менен алектенип кеткенин белгилеп: “Сиз андай кылбай, тынч, кабинетиңизде иштеңиз”, – деди жаңы министрге.
Андан соң суроо-жоопту токтотуп, Канат Сагынбаевге жыйындан кетүүсүнө уруксат берди.
“Барыңыз эми, ишиңизди кыла бериңиз. Биз сизди шайладык, болду”, – деди ал.
Депутат Эрулан Көкүлов буга нааразы болду. Ал ЖКга келген чиновниктердин баары суроо-жоопту аягына чыгарбай кетип жатканын, депутаттардын көп сөзү айтылбай калганын билдирди.
“Кандай иш барышыбыз керектигин парламент бир аз унутуп калгандайбыз. Келгендерди шашылып кетиребиз, суроо бербейбиз”, – деди.
