Бишкек шаарынын Октябрь РИИБде бейбаштык фактысы боюнча кылмыш иши козголду
27 май

Бишкек шаарынын Октябрь РИИБде бейбаштык фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Бишкек шаарынын Октябрь РИИБге М.И. аттуу жаран арыз менен кайрылып, белгисиз жарандардын үстүнөн мыйзамдуу чара көрүп берүүнү суранган. Себеби 2026-жылдын 27-май күнү болжол менен 02:50 чамасында Бишкек шаарынын Молдокулов көчөсүндө денесине залал келтигенин билдирген.

Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (Бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголуп, жабырланычууларга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан 2007-жылы туулган О.Э., 2006-жылы туулган К.А. жана 2002-жылы туулган К.А. аттуу жарандар кармалган. Октябрь РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Мындан тышкары, бул окуяга тиешеси бар башка жарандар дагы аныкталып, алардын аракеттерине Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында тиешелүү юридикалык баа берилет.