Мамлекеттик сатып алуулардагы коррупциялык фактылар боюнча кылмыш иши козголду
18 февраль

Мамлекеттик сатып алуулардагы коррупциялык фактылар боюнча кылмыш иши козголду

Мамлекеттик сатып алуулардагы коррупциялык фактылар боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. 

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан мамлекеттик сатып алуулардагы коррупциялык байланыштар аныкталды.

Тагыраагы, Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү департаментинин мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адиси У.А. курсташы, "А." ЖЧКсынын директору М.А. менен туруктуу коррупциялык схема түзгөн.

2023-2024-жылдары "А." ЖЧКсы 73 сатып алуунун ичинен 35 тендерде жеңүүчү болуп табылып, келишим түзүлгөн.

Атаандаштыкты жасалма түрдө камсыздоо максатында бардык тендерлерге формалдуу түрдө "А." ЖЧКсынын директорунун келини Ж. аттуу жеке ишкер катышып келгендиги, бирок ал 2023-жылы салык каттоосун жоюу боюнча арыз бергендиги такталган.

Мындан тышкары, "А." ЖЧКсы түзгөн эки контрактта баалар 246,4 миң сомго жогорулатылганы, ошондой эле "А. " ЖЧКсы тарабынан жалпы 1,5 млн сомдук салык төлөнбөгөнү аныкталган.

Бул фактылар боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.