Талас шаарында реабилитациялык борбордун курулушу башталды
«Талас келечек балдары» фондунун демилгеси менен Талас шаарында майыптыгы бар балдар үчүн реабилитациялык борбордун курулушу башталды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Бүгүн борбордун пайдубалына капсула салуу аземи өтүп, ага КР Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мира Сейдикеримова, Талас шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Көчөрбаев, ошондой эле Талас шаардык кеңешинин төрагасы Калыс Джаныбеков катышты
Жаңы борбор Талас шаарындагы Өмүрбеков жана Турсалиев көчөлөрүнүн кесилишинде курулат.
"Имарат элдин жардамы жана колдоосу менен салынат. Колдоо катары Талас шаарынын мэриясы тарабынан 7 сотых жер тилкеси берилген", - деп айтылат маалыматта.
Реабилитациялык борбордо невролог, дефектолог, эмоционалдык колдоо жана социалдык кызматтар көрсөтүлөт. Майыптыгы бар балдардын ата-энелерине дагы кеӊештер берилет.
