Спикер: Ош мэрин туурап, бардык айыл, шаар башчылары эки блогерди жалдап алып, көчөгө чыгып кетишти
3 сентябрь

Спикер: Ош мэрин туурап, бардык айыл, шаар башчылары эки блогерди жалдап алып, көчөгө чыгып кетишти

Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Тургунбек уулу парламент жыйынында чиновниктерди кабинетте иштөөгө чакырды. 

“Акыркы убактарда шаар, айыл, район, облус башчылары баскан-турганын, отурган-турганын телефонго тарттырып, жарашабы-жарашпайбы, ыгы барбы-жокпу – баары эле көчөгө чыгып алды. Ошол жасап жаткан иштери – бул алардын милдети. Унчукпай, өзүнө жүктөлгөн ишти жасаса, аны эл баалайт, пиар кылыштын кереги жок. Баары эле Ош шаарынын мэрин туурап жатат. Ош мэринин эми бул стили экен, ага жарашып жатат. А башкаларга жарашпаса деле эмне кылат дейм да. Токтоткула да! Бир-эки блогер жалдап алып, эки таштандыны чыгарып жатканыңарды деле кыргыз элине жарыя кыла бересиңерби?! Бул силердин түздөн түз ишиңер да”, – деди спикер. 

Ал мындай көрүнүш элдин ыраазычылыгын жаратпай, тескерисинче кыжырын келтирип жатканын кошумчалады.