Улуттук госпиталда кытайлык офтальмологдордун гуманитардык миссиясы жыйынтыкталды
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталда «Экспресс ден соолук – жаркын саякат» долбоорунун алкагында ишке ашырылган кытайлык адистердин гуманитардык офтальмологиялык миссиясынын расмий жабылыш аземи болуп өттү.
2026-жылдын 18-майынан 26-майына чейин Кытай Эл Республикасынын алдыңкы офтальмологдору Бишкекте катаракта диагнозу коюлган бейтаптарга акысыз операцияларды жүргүзүштү. Аталган долбоор Кыргыз Республикасында 2023-жылдан бери Улуттук госпиталдын жана Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын базасында ишке ашырылып келет жана калкка жогорку квалификациялуу офтальмологиялык жардам көрсөтүүгө, сокурлуктун алдын алууга жана саламаттык сактоо тармагындагы гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган. Ушул жылдар аралыгында 1500дөн ашуун кыргызстандык жаран катаракта боюнча акысыз операциядан өтүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Аземге Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Бакытбек Кадыралиев, Кытай Эл Республикасынын 14-чакырылыштагы Элдик саясий консультативдик кеңешинин Бүткүл кытайлык комитетинин төрагасынын орун басары, ШКУнун Ынак коңшулаштык, достук жана кызматташтык боюнча комитетинин Төрайымы Шэнь Юэюэ, Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лю Цзянпин, Улуттук госпиталдын жетекчилиги жана жамааты, ошондой эле кытай делегациясынын өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар саламаттык сактоо тармагындагы кыргыз-кытай кызматташтыгынын жогорку деңгээлин белгилеп, калк үчүн адистештирилген медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган гуманитардык долбоорлордун маанисин баса белгилешти.
Оз сөзүндө саламаттык сактоо министринин орун басары Бакытбек Кадыралиев кыргызстандын саламаттык сактоо системасына көрсөтүлүп жаткан ырааттуу колдоосу үчүн кытай тарапка ыраазычылык билдирди.
«Экспресс ден соолук — жаркын саякат» долбоору жарандарыбыз үчүн чоң социалдык мааниге ээ. Кытайлык адистердин кесипкөйлүгүнүн аркасында бейтаптар жогорку квалификациялуу хирургиялык жардам алып, жашоо сапатын жакшыртууга мүмкүнчүлүк алышты. Мындай демилгелер Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы гуманитардык кызматташтыктын жана достуктун чыңдалышынын айкын мисалы болуп саналат», — деди Бакытбек Кадыралиев.
Сапардын алкагында кытай делегациясы офтальмологиялык миссиянын алкагында операция болгон кыргызстандык бейтаптар менен да жолугушту.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кытай Эл Республикасы менен саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтык медициналык инфраструктураны модернизациялоо, заманбап жабдууларды жеткирүү, медициналык кадрларды даярдоо, телемедицина, салттуу медицина жана биргелешкен гуманитардык долбоорлорду ишке ашыруу сыяктуу багыттар боюнча ырааттуу өнүгүп жатканын белгилейт.
