Ош шаарынын коммуналдык кызматтарына үч бирдик атайын техника тапшырылды
Бүгүн, 18-февралда борбордук аянтта жеке ишкер Улукбек Абиев тарабынан алынып, Ош шаарынын мэриясынын коммуналдык кызматтарына жаңы атайын техникалар тапшырылды.
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев катышып, ишкерге коммуналдык кызматтарга эки жүк ташуучу жеркелгичти (экскаватор) жана бир жүк түшүрүүчү унааны белекке бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Эскерте кетсек, 20 күн аралыгында Ош шаарынын мэриясына демөөрчүлөр тарабынан жалпы 21 жаңы техника тапшырылды.
