Өмүрзаков: Аялын сабаган эркек жүз тосмо арыз болсо дагы, баары бир жазаланат
Кыргызстанда аялдарга жана жаш балдарга зомбулук боюнча жоопкерчилик бир топ катаалдашты. Бул тууралуу депутат Сүйүнбек Өмүрзаков түз эфиринде билдирди.
«Жакында эле Министрлер Кабинети үй-бүлөлүк зомбулук боюнча мыйзам долбоорун толуктап алып келди, Жогорку Кеңеш үч окууда карап кабыл алып берди. Чынында абдан өкүнүчтүү окуялар орун алды, балдар энесинен ажырады, атасы камалды. Биз мыйзамдарды күчөттүк, бирок бир гана укук коргоо органдарына милдетти үйүп койгон болбойт. Бир канча мамлекеттик органдар чогуу иштеши керек, жалпы эл да иштеши керек. Күн сайын аялына же балдарына зомбулук кылган эркекти кошуналары деле билишет да, бул боюнча өз убагында тийиштүү тарапка кабар берүүгө тийиш. Айыл өкмөт башчысы, аким да мындай көрүнүштөрдү токтотууга кызыкдар болушу керек. Баарыбыз чогуу-чаран аракет кылганда гана ушундай терс көрүнүштөргө чекит кое алабыз», – деди депутат.
Айтымында, эркек аялына оор жараат келтирген маалда тосмо арыздын мааниси болбойт. Андай учурда аял бир эмес, жүз тосмо арыз жазса дагы, эркек мыйзам алдындагы тийиштүү жазасын алат. Ал эми денесине залака келтирбей, сөз менен жабыркаткан маалда, аял кийин кечирип, тосмо арыз жазса болот.
