Ош ОИИБ: Коомду жайда жүзүн толук жаап жүргөн жарандарга чара көрүлөт
23 август

Ош ОИИБ: Коомду жайда жүзүн толук жаап жүргөн жарандарга чара көрүлөт

Ош ОИИБдин кызматкерлери коомдук жайларда жүзүн толугу менен жашырып жүргөн жарандарга карата чара көрүүнү улантууда.

Алсак үстүбүздөгү жылдын апрель айынан тартып алдын алуу жана эскертүү максатындагы бир канча рейддер өткөрүлдү.

Анда коомдук жайларда жүзүн толугу менен жашырып жүргөн 140 атуулга эскертүүлөр берилип, 22 атуулга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 127¹-беренеси менен протоколдор түзүлүп, 20 000 сомдон айып пул салынды.

Азыркы учурда тартип сакчыларынын демилгеси менен Кара-Суу, Өзгөн жана Ноокат райондорунун борборундагы чоң ЛЭД экрандарга коомдук жайда жүзүн толук жаап жүргөн жарандарга айып пул салынаарын эскерткен видеороликтер коюлду.

Бул аракеттер жарандардын укуктук сабаттуулугун жогорулатып, жогоруда айтылган мыйзамдуу талаптарды аткарууга өбөлгө түзөт.