Нарын шаары менен Италиянын Градара калаасы кызматташат
7 июль

Нарын шаары менен Италиянын Градара калаасы кызматташат

Нарын шаары менен Италиянын Градара калаасы кызматташат. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Италиянын Градара шаарынын мэри Филипп Гасперо баштаган делегация Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуевдин чакыруусу менен эки тараптуу кызматташуу жана тажрыйба алмашуу максатында регионго келген. 

Тутуев келген конокторго шаар тууралуу кенен маалымат берген. 

Ошондой эле калаа башчысы учурдагы аткарылып жаткан иштер, келечекке пландалган максаттар менен тааныштырып, Градара шаары менен маданий-гуманитардык, туризм, бизнес, билим берүү багыттарында кызматташуу кызыкчылыгы бар экендигин билдирди.

Жолугушуунун алкагында шаар башчылары эки тараптуу достук, кызматташтык келишимине кол коюшуп, журналисттер үчүн маалымат жыйында жергиликтүү жалпыга мааалымдоо каражаттарынын өкулдөрүнүн суроолоруна жооп беришти.