Оштогу Моминова көчөсүнө асфальт төшөө иштери башталды
7 июль

Оштогу Моминова көчөсүнө асфальт төшөө иштери башталды

Ош шаарындагы Моминова көчөсүнө асфальт төшөө иштери башталды, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы. 

Белгилей кетсек, Моминова көчөнүн бир тарабы Амир Темир көчөсү (Калинин), экинчи тарабы Өскөналиев көчөсү менен биригип, жалпы узундугу 1,5 чакырымга жакын.

Көчөнүн кеңдиги 30 метрге чейин жетип, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар, ирригациялык лотоктор, жана жарыктандыруу системалары орнотулат.

Аталган көчө менен кесилишкен Саидов көчөсүнө асфальттин бининчи катмары төшөлүп бүткөн.