Шашылыш билдирүү! Тоолуу аймактарда сел жүрөт
7 июль

Шашылыш билдирүү! Тоолуу аймактарда сел жүрөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. 

Маалыматка ылайык, 8нен 11-июлга чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Бул күндөрү тоолуу аймактарда эс алуудан баш тартып, коопсуз жайларда болуңуздар. Кандайдыр бир кырдаалга кабылсаңыз токтоосуз түрдө 112 кызматына билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат!