Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтөбү?
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 24.kg агенттигине курган маегинде Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо мүмкүнчүлүгү тууралуу комментарий берди.
Анын айтымында, эгерде депутаттар өзүн-өзү таркатуу чечимин кабыл алса, анда шайлоону быйыл өткөрүү «логикалуу» болмок.
Шайназаров белгилегендей, план боюнча парламенттик шайлоо 2026-жылдын ноябрында, ал эми президенттик шайлоо 2027-жылдын январында өтүшү керек болчу.
«Эгерде Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2026-жылдын ноябрында өтсө эмне болот? 20 күндүн ичинде жыйынтыктарды чыгарып, шайлоону өткөн деп таанышыбыз керек. Албетте, Боршайкомдун чечимин сотко даттанган талапкерлер болот, бул жараян жыл аягына чейин созулушу мүмкүн. Натыйжада президенттик шайлоонун үгүт иштеринин башталышы парламенттик кампания менен кесилишет. Ошондуктан быйыл шайлоо өткөрүү эң оптималдуу болот деп эсептейм», – деп билдирди БШК төрагасы.
