Мыйзамсыз кум-шагаң казууга бөгөт коюлду
2025-жылдын 29-июль күнү Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Аламүдүн районунун Арашан айыл аймагында рейд жүргүзүлдү.
Рейддин жүрүшүндө Аламүдүн суусунан мыйзамсыз түрдө кум жана шагыл казып жаткан жаран аныкталды. Аталган жаранга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 243-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык протокол түзүлүп, 13 000сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жаратылыш ресурстарын мыйзамсыз пайдаланууга каршы иш чараларды мындан ары да уланта турганын билдирет жана бардык жарандарды мыйзам талаптарын сактоого чакырат.
