Президентинин Иш башкаруучусунун орун басары Э.Усенова баштаган делегация Свердлов облусуна иш сапары менен келди
22 август

Президентинин Иш башкаруучусунун орун басары Э.Усенова баштаган делегация Свердлов облусуна иш сапары менен келди

2025-жылдын 20-августунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусунун орун басары Э.Усенова Свердлов облусунун Эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министри В.Ярин менен жолугушуп, экономикалык, медициналык жана илимий чөйрөлөрдө кызматташууну кеңейтүү келечегин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгыны менен «Вита-Техника» компаниясынын ортосунда республиканын курорттору үчүн медициналык жабдууларды жеткирүү боюнча келишимге кол коюлду.

Ошондой эле жолугушуу учурунда 2026-жылы Ысык-Көлдө илимий-практикалык конференцияны уюштуруу, анын алкагында Свердлов облусунун мекемелери Кыргыз Республикасынын курорттук мекемелери менен тажрыйба алмашуу жана дарылоо ыкмалары менен бөлүшүү маселеси талкууланды. Мындан тышкары Россия тарап өзүнүн алдыңкы компанияларынын презентацияларын өткөрүп, курорттук дарылоо тармагында келечектүү долбоорлорду жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүштү.