Балыкчы ШИИБ алдамчылыкка бөгөт коюп, жаранды ири чыгымдан сактап калды
2025-жылдын 30-июлунда Балыкчы шаарынын тургуну У.С.Б. аттуу жаран Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнө алдамчылык фактысы боюнча кайрылган.
Анын айтымында, белгисиз адамдар башка уюлдук номерден чалып, өздөрүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери катары тааныштырышкан. Алар жабырлануучунун атына 200 000 сом өлчөмүндө мыйзамсыз насыя алынып жатканын айтып, аны «алдамчылыктан коргоп калуу» шылтоосу менен жеке документтерин сүрөткө тартып, онлайн түрүндө жөнөтүүгө мажбурлашкан.
Натыйжада шылуундар жарандын атына Кыргызстандын коммерциялык банктарынын биринен 200 000 сом өлчөмүндөгү кредит алууга онлайн өтүнүч жөнөтүшкөн.
Жаран Балыкчы ШИИБге убагында кайрылгандыктан, милиция кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, алдамчылыкка бөгөт коюшкан. Учурда тиешелүү тергөө амалдары улантылып, шектүүлөрдү аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча иш-аракеттер жүрүп жатат.
Алдамчылыкка кабылган жаран укук коргоо органдарына өз убагында кайрылып, ири чыгымдан сакталганын белгилеп, Балыкчы ШИИБдин кызматкерлерине ыкчам аракеттери жана көрсөтүлгөн жардамы үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.
Балыкчы ШИИБ эскертет: акыркы убактарда телефон жана интернет аркылуу жасалган алдамчылык фактылары көбөйүүдө. Белгисиз адамдарга жеке маалыматыңызды, документтериңизди же банк реквизиттериңизди бербеңиз. Шектүү байланыштар болгон учурда дароо укук коргоо органдарына кайрылууңуз зарыл.
