ЖК комитети Санарип кодексинин долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу өткөрдү
ранспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин долбоорун, “Кыргыз Республикасынын Санарип кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорлорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу өткөрдү.
Парламенттик угууга Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, байланыш операторлорунун, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жарандык коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы Мурадил Сыдыков белгилегендей, мыйзам долбоорлору 2024-жылдын 12-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан биринчи окууда кабыл алынган.
Аталган мыйзам долбоорлору боюнча санариптик өнүктүрүү министри Азамат Жаманкулов маалымат берди.
Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар тарабынан мыйзам долбоорлору боюнча бир катар сын-пикирлер жана сунуштар айтылды. Атап айтканда, Байланыш операторлор ассоциациясынын директору Салават Ормошов Санарип кодексинин долбоорунун бир катар беренелерине, айрыкча жеке маалыматтарды жөнгө салууга байланыштуу 89-беренеге көңүл бурду. Анын айтымында, тармактык жөнгө салуучуга жеке маалыматтардын ээсинин бардык жайларына, документтерине, жабдууларына жана контрагенттерине кирүү укугун берүү коррупциялык тобокелдиктерди жаратат жана "Ишкердик субъекттерин өткөрүү тартиби жөнүндө"мыйзамдын чегинен тышкары.
Эл аралык ишкерлер кеңешинин мүчөсү Исабек Султан электр байланыш чөйрөсүндөгү тармактык жөнгө салуучуну сактоо зарылдыгына көңүл бурду, анткени Санарип кодексинин долбоору кабыл алынса, "Электр байланышы жөнүндө" мыйзам жокко чыгарылат. Мындан тышкары, ал радиожыштыктарды ыйгаруу процессинин ачыктыгын камсыз кылууну сунуштады.
"Грин телеком сервис" ЖЧКсынын өкүлү Жыпара Кутманалиева жеке юридикалык компанияларга коопсуздукту камсыздоо менен жеке жактардын биометрикалык маалыматтарын иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн берүүнү сунуштады. Тактап айтканда, банк мекемелерине колдонуучулардын биометрикалык маалыматтарын колдонууга укук берүү сунушталууда.
Комитеттин төрагасы Мурадил Сыдыков, депутат Исхак Масалиев айтылган бардык сунуштар мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңеште экинчи окууда каралганга чейин Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан улуттук байланыш операторлору, көз карандысыз эксперттер менен талкууланышы керектигин баса белгилешти.
