Өмүрзаков депутаттар көйгөйлөрдү шайлоочулар менен жолугушпай эле, телефон аркылуу чечип калышканын айтты
Депутаттардын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгында элдин социалдык маселелери тийиштүү тарапка жеткирилип, чечилүүдө. Бул тууралуу түз эфиринде депутат Сүйүнбек Өмүрзаков билдирди.
Радионун угарманы депутатка «эл өкүлдөрү шайлоочуларга жолукпай жатканын, айрымдар өз аймактарына келип, борбордогу эки-үч адамга жолугумуш болуп кетип калаарын» айтты.
«Азыр технологиянын өнүккөн заманы. Биз азыр көп ишти уюлдук телефон менен бүтүрүп калганбыз. Шайлоочулар менен да жолугушабыз, бирок аз санда. Өзүбүз да, жардамчыларыбыз да уюлдук телефон менен иштейбиз. Керектүү учурда барып, элдин көйгөйүн жеринде көрөбүз», – деди ал.
Ошондой эле, ал депутаттардын өз убагында тийиштүү кызматтарга жеткиргенинен улам өлкөдө социалдык маселелер чечилип, жолдор оңдолуп, бала бакча, мектептер курулуп жатканын кошумчалады.
