“Ош такси” муниципалдык ишканасы түзүлөт
30 июль

“Ош такси” муниципалдык ишканасы түзүлөт

“Ош такси” муниципалдык ишканасы түзүлөт. Бул тууралуу мэр Жеңишбек Токторбаев Ош шаарынын мэриясынын кезектеги коллегиялык жыйынында билдирди.

Анын айтымына караганда, шаарга 5-августка чейин 50 даана электромобиль келет. 

""Ош такси" муниципалдык ишканасын түзөбүз. Аталган унаалардын бардыгы шаардыктарга кызмат көрсөтөт. Акчасы өзүбүзгө түшөт", – деди шаар башчысы. 

Белгилей кетсек, бүгүн, 30-июлда Ош шаарынын мэриясында кезектеги коллегиялык жыйыны өтүп жатат. Ага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңеш төрагасы Болот Баетов, мэрдин орун басарлары, мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышууда.

Жыйындын күн тартибинде 4 маселе каралууда:

• Ош шаарынын 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2025-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата милдеттер жөнүндө,

• Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура департаментинин Ош

регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын ишмердүүлүгү жөнүндө,

• Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын ишмердүүлүгү жөнүндө,

• Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош аймактык көзөмөл кызматынын аткарып жаткан иштери жөнүндө.

Жогоруда аталган маселелер каралып, аткарылган иштер боюнча баяндамалар жасалып, тиешелүү жетекчилердин маалыматы угулууда.