Жалал-Абад облусу: интернет алдамчылар кармалды
2025-жылдын 3-ноябрь күнү Жалал-Абад ОИИБдин КИБдин кызматкерлери тарабынан, Манас шаарынын аймагында Б аттуу жаран сүйлөшүү жолу менен МБанк онлайн мобилдик тиркемесин сатып алып, интернет булактары аркылуу кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу менен алектенип жүргөндүгү боюнча малымат аныкталган.
Аталган факты Манас ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
2025-жылдын 7-ноябрь күнү Жалал-Абад ОИИБдин КИБдин кызматкерлеринин ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында, козголгон кылмыш ишине шектүү катарында Ноокен районунун 1998-жылы туулган Б.Э. жана Базар-Коргон районунун 2001-жылы туулган М.уулу С. аттуу тургундары кармалып, Манас шаардык ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө алар ар бир акча которууларадан жалпы 5 пайыздан кызмат акыларын алып жүргөндүктөрү жана Манас шаарынын 3 тургуну арыз менен кайрылып, алар “Инстаграмм” социалдык баракчадан акчаны көбөйтөбүз деген жарнама аркылуу тиркемеге кирип ар бири 10 000 (он миң) сомдон акчасын алдатып жибергендиктери маалым болгон.
Ошондой эле Б.Э. жана М.уулу С. аттуу тургундары тарабынан, жарандарды алдоо жолу менен мыйзамсыз акча каражаттарын которуулар үчүн пайдаланып жүргөн 6 даана уюлдук телефондор, симкарталары менен далил буюм катары алынып, Манас ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан 2025-жылдын 10-ноябрь күнү убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Эгерде төмөндөгү жарандардан жабыркагандар болсо анда, Жалал-Абад ОИИБге жана Манас ШИИБне арыз менен кайрылсаныздар болот.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
