Ош шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду 
13 март

Ош шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду 

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин буйругуна ылайык, Ош шаарынын мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы болуп Казыбай уулу Мирланбек дайындалды.

Ал буга чейин Ош шаарынын мэриясынын ички аудитору, Ош шаарынын мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башкы адиси болуп иштеген. Ошондой эле тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгында эмгектенген.

Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп Шамаев Акылбек Арапбаевич дайындалды. Ал буга чейин Ош шаарынын мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысынын кызмат ордун ээлеген.