Ашууларда кар жаап жатат. Транспорт министрлиги унаанын дөңгөлөктөрүн алмаштырууга чакырат
видеодон алынган кадр
13 октябрь

Ашууларда кар жаап жатат. Транспорт министрлиги унаанын дөңгөлөктөрүн алмаштырууга чакырат

12-октябрдан 13-октябрга караган түнү Төө-Ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, буга байланыштуу жолдорго өз убагында кум-туз аралашмасын чачуу иштери жүргүзүлдү.

Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу ашуулардын айрым тилкелеринде жол кыймылы жайлап, айдоочулардын унааларын жайкы дөңгөлөктөр менен башкаруусунан улам ашууларда майда тыгындар жаралды.

Транспорт министрлиги айдоочуларды аба ырайынын шарттарын эске алып, унаанын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, жолго чыгар алдында унаанын техникалык абалын текшерүүгө чакырды.

Жол тейлөө кызматтарынын кызматкерлери жолдорду тазалоо жана коопсуздукту камсыздоо боюнча иштерди улантууда.