Бишкекте штабдык машыгуулар өттү
Бишкекте 2025-жылдын 12-13-февралында «Өзгөчө кырдаалдардын коркунучу жана пайда болушу учурунда башкаруу органдарынын аракеттери» (жер титирөө) темасында штабдык машыгуулар өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Машыгуулар Бишкектин Жарандык коргонуу боюнча 2025-жылга карата даярдык Планын ишке ашыруунун алкагында өткөн.
Окуу сигналдары шашылыш билдирүүлөрдүн табелине ылайык, эскертүү системасы аркылуу шаардык жана райондук жарандык коргонуу кызматтарына, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрация жетекчилерине жеткирилди. Шаардын жарандык коргонуу системасы күчөтүлгөн режимге өткөрүлдү.
Иш-чара башкаруу органдарынын жана Жарандык коргонуу күчтөрүнүн өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча даярдыгын жакшыртуу, ошондой эле калктын жана аймактардын корголушун камсыз кылуу максатында уюштурулду.
Мындан тышкары, Чүй облусунда өтө турган штабдык машыгууларга катышууга даярдык көрүү иштери жүргүзүлүүдө.
