Сүйүнбек Өмүрзаков: Депутаттардын баары бай эмес, кызматтык унаага муктаждар бар
Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары ушул убакка чейин кызматтык унаа ала элек. Бул тууралуу депутат Сүйүнбек Өмүрзаков түз эфиринде билдирди.
Эске салсак, VII чакырылыш ишмердүүлугүн жаңы баштаган маалда депутат Кундузбек Сулайманов парламенттештерин кызматтык унаадан баш тартууга чакырган. Ал мындай сунушун эл өкүлү болуп шайлангандардын дээрлик баарынын оокаты тың экенине байланыштырган.
«Бизге кызматтык унаа беребиз дешкен, бирок бүгүнкү күнгө чейин берише элек. Айым-депутаттар гана алды. Биз эркек-депутаттар ушундай чечтик: айымдардын иши көп, бир буту жумушта, бир буту үйүндө, бала-бакырасын караш керек, бала бакчага, мектепке даярдаш керек, жеткириш керек, тамак-ашын жасаш керек дегендей. Ушул нерселерди эске алып, биз сунуш берип, спикер колдоп, аларга кызматтык унаа бөлдүргөнбүз», – деди Өмүрзаков.
Ошондой эле, депутат бардык эл өкүлдөрүн бай деп атоого болбой турганын кошумчалады.
«Чынын айтыш керек, кызматтык унаага муктаж депутаттар да бар. Баары эле бай эмес, арабызда үйү жоктор да кездешет. А депутат шайлоочулардын көйгөйүн чечиши керек, жерине ыкчам барышы керек, бул барып эле унаага такалат. Шайлоочулар да туура түшүнүүгө тийиш», – деди ал.
