Ош шаарында «Бандит» ыкчам-издөө жана профилактикалык иш-чарасы өткөрүлдү
22 август

Ош шаарында «Бандит» ыкчам-издөө жана профилактикалык иш-чарасы өткөрүлдү

Ош шаарынын аймагында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын аймактар аралык башкармалыгынын, Ош ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте, 2025-жылдын 19–21-август күндөрү шарттуу аталыштагы «Бандит» ыкчам-издөө жана профилактикалык иш-чаралары өткөрүлдү.

Иш-чаралар уюшкан кылмыштуу топтордун түзүлүшүнө жол бербөө, кылмыштардын алдын алуу, ишкерлерден акча талап кылуу фактыларын аныктоо, издөөдө жүргөн жарандарды табуу, курал-жарактардын жана баңги заттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө бөгөт коюу максатында уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө 4 блок-пост, 2 мобилдүү көчмө топ уюштурулду.

Бул иш чара эки этап менен: күндүзү жана түнкү мезгилде өткөрүлдү.

Мобилдүү топтор тарабынан:

  • жол кыймылынын эрежесин бузгандыгы үчүн – 1164 протокол;
  • автоунааларды мыйзамсыз өзгөрткөндүгү үчүн – 17 протокол;
  • 153 автоунаа айып токтотуучу жайга коюлду;
  • мас абалында автоунаа башкарган – 10 айдоочу;
  • документсиз автоунаа башкарган – 31 айдоочу кармалды.

Кылмыш иштери боюнча жалпысынан мурда катталган уурулук, тоноо, опузалап талап кылуу жана каракчылык иштери боюнча 35 кылмыштын бети ачылды. Андан сырткары издөөдө жүргөн 2 жаран кармалды.

Кармалган жарандар боюнча:

Иш-чаранын жүрүшүндө кылмыштуу кадамдарга барышы мүмкүн болгон 100гө жакын жарандар ички иштер бөлүмдөрүнө алынып келинип, алар менен профилактикалык маектешүүлөр өткөрүлдү. Алар мындан ары Кыргыз Респу бликасынын аймагында өлкөнүн мыйзамдарына баш ийип жашай тургандыктарын билдиришти.
Иш-чаранын алкагында кошумча 27 жарандын бармак издери алынып, сүрөткө тартылды жана профилактикалык маектер өткөрүлдү. Ошондой эле, уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсү кармалып, аларга карата кылмыш иштери козголуп, камакка алынды.