Кыргызстанда бир жумада 20 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды
Кыргызстандын аймагында 30-июндан 6-июлга чейинки аралыкта 20 миң 74 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинде:
Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 505;
Мас абалында унаа каражатын башкаруу - 209;
Автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 81;
Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 1055;
Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 3 845;
Автоээнбаштык - 25;
Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 3 562;
Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 8;
Башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 9 116;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 668 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
